Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 15-январы № 13-б
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери И.Раззаковдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда бекитилсин:
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Тагаев А.С. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Шадиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Каганер М.В. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатынын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Мусаев А.И. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Орозбай кызы Кайыргүл - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Жоробекова Ш.Ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Арипов Т.Т. - Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Молдокасымов К.С. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактору (макулдашуу боюнча);
Черняк П.Д. - "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору - башкы редактору (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети:
- бир айлык мөөнөттө юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- юбилейлик иш-чараларды өткөрүү күнүн бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, гранттардын жана демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов |