Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-марты № 69-б
2010-жылдын 5-мартында Москва шаарында (Россия Федерациясы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 45-заседаниесине жана КМШга катышуучу мамлекеттердин "КМШда Россиянын төрагалыгы жылындагы жаңы демилгелер" Эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн:
1. 2010-жылдын 4-6-мартында Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы төмөнкү курамда жиберилсин:
Ибраимова Чолпон Ибраимовна | - | КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын жетекчиси; |
Аттакуров Раимкул Арзимаматович | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси (макулдашуу боюнча); |
Нарбаев Каныбек Жайчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору; |
Имангазиев Алмаз Кулубекович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Секретариатынын эл аралык кызматташтык жана протокол кызматынын жетекчиси; |
Усупов Үсөн Макаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; |
Алканов Райкан Алканович | - | "ЕврАзЭС - Кыргызстан ишкерлер кеңеши" ассоциациясынын төрагасы; |
Токтомамбетов Ызатбек Дербишевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасынын башкы директору. |
2. КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ибраимова Чолпон Ибраимовнага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 45-заседаниесинде ушул заседаниеде кабыл алынган чечимдерге жана башка документтерге кол коюу укугу менен катышууга ыйгарым укук берилсин.
3. Аталган заседаниеге делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов |