Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-апрели № 146-б
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыначылык үчүн 2011-жылдын 30-апрели жумуш күнү болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана "РСК - Банк" ачык акционердик коомуна 2011-жылдын 30-апрелин белгиленген тартипте жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |