Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-апрели № 147-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 63-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги" жана "Президентинин Администрациясына" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги" жана "Өкмөтүнүн Аппаратына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "Президенттин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган буйрук менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча планда:
"СКМА" деген аббревиатура "КСКМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
1-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
Кыскартуулардын тизмесиндеги биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"КСКМ Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги".
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 103-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 177-б буйругу.
Премьер-министр | А. Атамбаев |