Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-майы № 181-б
Жалал-Абад жана Ош шаарларында суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу системасынын сапатын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуулардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Жалал-Абад шаарын суу менен камсыздоону жана каналдаштырууну реабилитациялоо" жана "Ош шаарын суу менен камсыздоону жана каналдаштырууну реабилитациялоо" долбоорлорун финансылык колдоого грант берүү жөнүндө макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын атынан аталган макулдашууларга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А. Атамбаев |