Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 4-июну № 205-б
Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2011-жылдын 7-9-июнунда болуучу 7-Бүткүл дүйнөлүк Ислам экономикалык форумуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Бабанов Өмүрбек Токтогулович(*) | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;
|
Ташбаев Учкунбек Азизбекович | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
|
Алымбеков Замирбек Маданбекович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Абдиев Курмантай | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Бакир уулу Турсунбай | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Обдунов Элмурат Абдувапович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
|
Рустенбеков Жаныш Султанкулович | - Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси. |
Кадырбеков Карыбек Адылбекович(*) | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;
|
Токтогулова Нурзат Анварбековна(*) | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;
|
Иманкожоев Азамат Дүйшөналиевич(*) | - «5 канал» жабык акционердик коомунун оператору;
|
Султанов Абдуталип Султанович | - Кыргыз фондулук биржасынын Директорлор кеңешинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Хохлова Галина Владимировна | - «ЭкоИсламикБанк» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Муртазалиева Хадижа Шамильевна | - котормочу (макулдашуу боюнча);
|
Миясаров Александр Олегович | - «ЭкоИсламикБанк» ачык акционердик коомунун жарнама жана маркетингдик изилдөөлөр бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча). |
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомунда каралган нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү:
(*) - командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен.
Премьер-министр | А. Атамбаев |