Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 13-июну № 225-б
Композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Насыр Давлесовдун мезгилсиз каза болгондугуна жана анын сөөгүн коюуну уюштурууга байланыштуу:
1. Сөөк коюуга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Жунусов И.К. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Шакиев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Асыранкулов А.Ж. | - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Бадыкеева Н.Н. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Иманалиев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Исаков Э.Б. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Кудайбердиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
|
Рысалиев З.К. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
|
Коеналиев Т.К. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;
|
Өмүркулов И.Ш. | - Бишкек шаарынын мэри;
|
АсановБ.А. | - Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Исаков К.И. | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
|
Качкеев Р.О. | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- маркум менен жарандык коштошуу ырасымы 2011-жылдын 15-июнунда 10.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болоору;
- сөөк коюлуучу жер - Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнү.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жарандык коштошуу ырасымын өткөрүүнүн учурунда Улуттук гвардиянын ардактуу кароол ротасынын катышуусун камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автомашиналар колоннасынын кыймыл коопсуздугун камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынан Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүнө чейин сөөк коюуга катышуучуларды ташуу үчүн эки автобус берсин.
Премьер-министр | А. Атамбаев |