Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 24-апрели № 132-б
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Ишенбай Абдуразаковдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу:
1. Ишенбай Абдуразаковдун сөөгүн коюу боюнча уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Оторбаев Джоомарт Каипович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Исаков Сапар Джумакадырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Иманалиев Каныбек Капашевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Талиева Камила Абдыразаковна | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; |
Суранчиев Абдулда Шергазиевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Кудайбердиев Абибилла Алымович | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Молдалиев Орозбек Абдысаламович | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору (макулдашуу боюнча); |
Коеналиев Туруспек Кармышевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу; |
Кулматов Кубанычбек Кенешович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Жакиев Бексултан Жакиевич | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Чынгышев Турсунбек Чынгышевич | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Карабалаев Оган Мамбетович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Абдылдаев Аскат | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жарандык коштошуу ырасымы 2014-жылдын 25-апрелинде Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болоору;
- сөөк коюлуучу жер - Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнү.
3. И.Абдуразаковдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына бөлүнсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автомашиналар колоннасынын кыймыл коопсуздугун камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жарандык коштошуу ырасымын өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардактуу кароолунун жана үйлөмө аспаптар оркестринин катышуусун камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- сөөк коюуга катышуучуларды ташуу үчүн унаа берсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана сөөк коюу боюнча уюштуруу комитетинин атынан гүлчамбар даярдасын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Дж.К. Оторбаев |