Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 2-майы № 140-б
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 69 жылдыгын майрамдоого байланыштуу:
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана ооруктагы эмгекчилерге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мурдагы кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына 50000 (элүү миң) сом бөлүнсүн:
Егимбаев Омутай Егимбаевичке - 30 000 (отуз миң) сом;
Алапаев Ормонбек Алапаевичке - 10 000 (он мин) сом;
Усупов Макай Усуповичке - 10 000 (он миң) сом.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |