Редакцияот 20.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 20-майы № 166-б

Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш поселогунун жалпы жумушсуздуктун кесепетинен кыйын абалда турган элине гуманитардык жардам көрсөтүү максатында жана "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык:

1. Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш поселогунун тургундарына 1-сорттогу 150 тонна ун түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Нарын облусундагы Жумгал районунун мамлекеттик администрациясына Миң-Куш поселогунун тургундары үчүн 1-сорттогу 150 тонна ун берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш поселогуна "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык министрликке караштырылган каражаттардын эсебинен унду жеткирип берүүнү уюштурсун.

4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги Нарын облусундагы Жумгал районунун мамлекеттик администрациясы менен биргеликте унду Миң-Куш поселогунун тургундарына акысыз негизде даректүү бөлүштүрүүнү камсыздасын.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев