Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-майы № 185-б
Кыргыз Республикасынын 16 жаштан жогорку курактагы калкынын биометрикалык жеке маалыматтарын каттоонун негизинде жарандарды эсепке алуу системасын түзүүгө байланышкан иштерди өз убагында жүргүзүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2014-жылдын 25-апрелиндеги № 1 чечимин эске алуу менен, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын калкынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу үчүн жабдууларды сатып алуунун жана программалык камсыздоонун тендердик документтерин белгиленген тартипте даярдап, тендер өткөрсүн жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте маалыматтарды иштеп чыгуунун негизги жана резервдик борборлору үчүн сервердик жабдууларды сатып алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын калкынын биометрикалык маалыматтар базасын түзүү боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына зарыл болгон финансылык каражаттарды издеп тапсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда ушул финансылык каражаттарды караштырсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине, Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү жана Кыргыз Республикасынын калкынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча республикалык штабдын жетекчисине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |