Редакцияот 27.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 27-майы № 186-б

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын кызматкерлери үчүн 2014-жылдын 31-майы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын агент-банктарына 2014-жылдын 31-майын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев