Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-сентябры ПБ № 140
Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин Кыргыз Республикасынын (2012-жылдын 19-20-сентябры, Бишкек шаары) расмий сапарын даярдоого байланышкан чыгымдарды жабууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 1 856 400 (бир миллион сегиз жүз элүү алты миң төрт жүз) сом бөлүнсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |