КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 29-майы № 196-б
"Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Нуска" кыргыз китеп борбору" мамлекеттик мекемесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Нуска" кыргыз китеп борбору" мамлекеттик мекемесине Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 56 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик административдик имараттагы аянты 54 кв. метр болгон № 4 кабинетти коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана эксплуатациялык сарптоолорду төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шартында берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |