КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 4-июну № 201-б
Кыргыз Республикасына өтөгөн эмгегин баалоо иретинде, Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түзүлгөн күндүн 90 жылдыгын майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү женүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын аймактык органдарынын темөндөгү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:
Адигинеева Замира Абдылдаевна - мамлекеттик кирешелерди талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Ли Галина Пенуовна - транспорт, байланыш, отун-энергетикалык комплекс жана туризм бөлүмүнүн башкы адиси;
Тиленчиев Асанбек Рсалиевич - ички аудит жана коррупцияга карты аракеттер башкармасынын башкы адиси;
Эшенкулова Асылкан Амановна - транспорт, байланыш, отун-энергетикалык комплекс жана туризм бөлүмүнүн башкы адиси;
Иманалиева Джамиля Джаниповна - Казыналыктын Кемин региондук бөлүмүнүн башчысы;
Солпуев Ороз Солпуевич - Токтогул райондук финансы бөлүмүнүн начальниги;
Тулембаев Арстан Туташбаевич - Ош шаардык финансы башкармасынын начальнигинин орун басары;
Укушева Сайра Ниязалиевна – Биринчи май райондук финансы бөлүмүнүн начальниги.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |