Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 3-июну № 200-б
Объектилерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жана Бишкек шаарындагы ЭЖБнын аймагынан жогорку радиациялык фону бар көмүрдү Кара-Балта тоо-кен комбинатынын аймагына ташууну жана көмүүнү ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 25022890 (жыйырма беш миллион жыйырма эки миң сегиз жүз токсон) сом бөлүп берсин:
- Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн 10000000 (он миллион) сом;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылдык аймагындагы Сейитказы айылынын "Правая ветка" каналындагы сел өткөрүүчү курулманы куруу үчүн 2200000 (эки миллион эки жүз миң) сом;
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы "Майлуу-Суу лампа заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун жанынан өткөн Майлуу-Суу дарыясына узундугу 190 метр болгон жээк коргоочу дамба куруу үчүн 2400000 (эки миллион төрт жүз миң) сом;
- Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык аймагынын Коргон-Сай айылындагы ички чарбалык көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн 4800000 (төрт миллион сегиз жүз миң) сом;
- Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраң айылдык аймагынын Катраң айылындагы ички чарбалык кепүрөнү калыбына келтирүү үчүн 4550000 (төрт миллион беш жүз элүү миң) сом;
- "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомунун аймагында 2012-жылдагы күлдү жайгаштыруу, төгүү жана көмүү менен байланышкан сарптоолордун ордун толтурууга 1072890 (бир миллион жетимиш эки миң сегиз жүз токсон) сом.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган, бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну белгиленген тартипте камсыз кылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |