Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 13-декабры № 296
"Партнерская группа "Прецедент" коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн, үчүнчү жак болгон Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин үстүнөн мамлекеттик бийлик органынын аракети жана аракетсиздиги жөнүндө талашкан доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармасынын сот органдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Сыдыков Нурбек Кудайбердиевичке баардык соттук жыйындарда, баардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугусуз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Н.С. Момуналиев |