КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 13-декабры № 292
Жаран М.Асанбековдун ишине кайрадан орноштуруу жана аргасыз бош жүрген убактысы үчүн компенсация төлөө жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Садыков Канат Жалиловичке баардык соттук жыйындарда, баардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.С. Момуналиев |