Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-ноябры № 269
Жаран Ибрагимов Турар Кыдыковичтин кызыкчылыгын коргоо учун адвокат Пчелинцова Светлана Борисовна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, үчүнчү тарап - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин- К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы № 338 буйругун жараксыз деп эсептее тууралуу берген доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын проректору Осмоналиев Кайрат Медербековичке баардык соттук жыйындарда, баардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан, башка адамдарга өткөрүп берүү укугусуз ишеним кат берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.С. Момуналиев |