Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-июну № 128
А.Д.Мальковдун "Рентон групп" жоопкерчилиги чектелген коомунан жабыркагандарга акчаларын кайра берүү жөнүндө доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармасынын сот органдары менен иштөө боюнча секторунун башчысы Шайбылдаев Айбек Асановичке жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Борбордук күрөө каттоо конторасы, Соттук экспертиза мамлекеттик борбору жана юридикалык жактарды каттоо менен иштөө боюнча башкармасынын адиси Зулпуев Эмир Абдиманнаповичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.С. Момуналиев |