Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 23-апрели № 92
Изар - Гүлстан автомобиль жолунун 1 км узундуктагы жана Ак-Там-Ала-Бука жолунун-2 км узундуктагы участокторун куруунун сапатын аныктоо, кабыл алуу жана каржылоо, ошондой эле 2012-жылдын 9-октябрында болгон тендердин шарттары жана уюштурулушу, аталган автомобиль жолдорунун участокторуна келишимдерди түзүү боюнча маселелерди иликтөө максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия тузүлсүн:
Мукашев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарын — каржылоо башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комисснянын төрагасы;
Ормонов К.К. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол чарба департаментинин башкы инженери, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Орозбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин № 6 өндүрүштүк линиялык автожолдор башкармалыгынын начальниги;
Солтобаев Т.- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институтунун башкы инженери;
Асанбеков Т. - коз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык комиссия эки жумалык мөөнөттө жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин кароосуна тийиштүү сунуштарды киргизсин.
3.Ведомстволор аралык комиссияга министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар белумунө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат Жетекчисинин Биринчи орун басары |
М.К. Мукамбетов |