Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 29-марты, № 69
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Д.Б.Кенжебаев тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин кызматкерлеринин кайрылуусунда жазылган фактыларды иликтөө максатында:
1. Төмөнкү курамдагы жумушчу топ түзүлсүн:
Ташболотов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти, жумушчу топтун жетекчиси;
Абдылдаева СО. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызматты өтөө бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Курманалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзамга негизделген актыларды экспертизалоо башкармалыгынын башкы адиси.
2. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин кызматкерлеринин кайрылуусунда жазылган фактыларды бир жумалык мөөнөттө иликтесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топ зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик башка органдардын, уюмдардын жана мекемелердин адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.С. Момуналиев |