КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-марты № 40
Байланыштын менчик оператору - "ЭлКат" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан "Кытай-Тажикстан" була-оптикалык байланыш линиясын куруу жана ишке киргизүү маселеси боюнча талдоо жүргүзүү жана чечим кабыл алуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Мамбетсеитов А.Б. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, -ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кадыркулов А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору;
Адамкулова С.Э. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Баяман Н. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Мамидинова Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Мамбеталиев И.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын терагасынын биринчи орун басары - башкы штабдын начальниги;
Баратбаев А. С. - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун президенти - башкарманын терагасы (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- байланыштын менчик оператору - "ЭлКат" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан "Кытай-Тажикстан" була-оптикалык байланыш линиясын куруу боюнча иштин абалын иликтесин;
- трансчекара аймактарына электр байланыш линияларын куруу жана ишке киргизүү боюнча иштерди жөнгө салуу бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзсүн;
- 2013-жылдын 7-мартына чейинки мөенөттө Кыргаз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына иликтенип жаткан маселе боюнча айкын сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.С. Момуналиев |