Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-июну № 223-б
Кыргыз Республикасынын жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумун өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн грамотасы менен сыйлансын:
Сооронова Нурия Рахманбердиевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жер кадастры жана жерге жайгаштыруу боюнча башкармалыгынын начальниги;
Джусупбеков Бакытбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын даярдоого байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |