Редакцияот 10.03.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 10-марты № 103-б

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине жана "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:

- Жалал-Абад облусундагы төмөнкү автомобиль жолдорунун участкаларын баланска кабыл алсын:

Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылындагы автовокзалдан Бишкек-Ош автожолуна чейинки - узундугу 3 км;

Базар-Коргон-Чкалов - узундугу 12 км;

Ленин-Жыгач-Коргон-Октябрь - узундугу 8 км;

Ак-Тоок-Мөл-Булак - узундугу 1,6 км;

- баланска кабыл алынган автомобиль жолдорунун участкаларын оңдоону жана күтүүнү камсыздасын.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов