Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 20-апрели № 170-б
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги төмөнкү аскер-техникалык мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын балансына белгиленген тартипте акысыз өткөрүп берсин:
- лыжа - 50 комплект;
- "PULK" чанасы - 27 комплект;
- буюм мүшөк - 1200 даана;
- "Г" ранеци - 2000 даана.
2. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган аскер-техникалык мүлктөрдү белгиленген тартипте балансына кабыл алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |