Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 26-июну № 345-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине жана "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги оперативдүү башкаруу укугу менен белгиленген тартипте:
- Жалал-Абад облусундагы автомобил жолдорунун төмөнкүдөй участокторун баланска кабыл алсын:
- Шамалды-Сай шаарчасынан Бишкек-Ош автотрассасына чейин - узундугу 650 метр;
- Кош-Дөбө-Мундуз - узундугу 15 км;
- автомобиль жолдорунун баланска алынган участокторун оңдоону жана кармоону камсыз кылсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |