КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-июну № 252-б
Кыргыз Республикасынын эл артисти, коомдук ишмер, композитор Түгөлбай Казаковдун туулган күнүнүн 60 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Жунусов И.К.
| - Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Шакиев Н.Т.
| - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Абдрахман уулу
| - Кыргыз Республикасынын «ЭлТР - коомдук теШайырбек лекөрсөтүү» телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Болотканов К.Б.
| - «Учкун» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Жээнбеков С.Ш.
| - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы губернатор (макулдашуу боюнча);
|
Курманалиева К.А.
| - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы губернатор (макулдашуу боюнча);
|
Орунбеков Б.О.
| - «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкы редактор;
|
Осмонов М.О.
| - «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору;
|
Оторбаев К.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Рыскулов А.
| - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (макулдашуу боюнча);
|
Султанбаева А.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы;
|
Токтосартов А.Т.
| - эл аралык «Руханият» ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
|
Үсөнбаев М.А.
| - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
|
Шаршенбаев М.С.
| - Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлери союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги бир айлык мөөнөттө юбилейлик иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыксын жана уюштуруу комитетинин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |