КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 7-сентябры № 395-б
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Ө.Т.Бабановдун 2011-жылдын 8-сентябрында Казакстан Республикасынын Астана шаарында болуучу иш сапарына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Бабанов Өмүрбек Токтогулович (*)
| - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;
|
Шадиев Аскарбек Алимбаевич
| - Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
|
Кулмурзаев Тургунбек Насипович
| - «Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Тентиев Аман Мукамбетович
| - «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Кадырбеков Карыбек Адылбекович (*)
| - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;
|
Муталипов Алишер Хамидович (*) | - «НТС» телерадиокомпаниясынын оператору (макулдашуу боюнча). |
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү:
(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |