Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 13-сентябры № 413-б
Кумтөр кениндеги иштин экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайыктуулугуна баа берүүнү жүргүзүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Б.Иманкожоева көтөргөн маселелерди эске алуу менен:
1. Төмөнкү курамдагы комиссия түзүлсүн:
Э.Б.Иманкожоева | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
А.А.Сапаралиев | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин мамлекеттик экологиялык контроль жана нормативдик камсыздоо бөлүмүнүн начальниги;
|
Ч.О.Садабаева | - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Мамтехкөзөмөлдүн тоо кен металлургиялык жана химиялык өндүрүштөр боюнча бөлүмүнүн башкы адиси;
|
А.А.Рустамов | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
|
Т.А.Садыкбеков | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык мониторинг жана токой аңчылык чарбасы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
|
И.А.Торгоев | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун «Геоприбор» илимий инженердик борборунун директору;
|
Т.Ө.Өмүкеев | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик экспертиза департаментинин архитектура-курулуш бөлүмүнүн башкы адиси;
|
М.Ж.Алыпсатаров | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу;
|
А.А.Мусаев | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери;
|
Ш.А.Мамбетов | - Кыргыз Республикасынын Тоо кен өнөр жайчыларынын жана геологдор ассоциациясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
|
Р.У.Усубалиев | - Борбордук Азия жерди изилдөө институтунун ага илимий кызматкери (макулдашуу боюнча);
|
Э.А.Азизов | - Борбордук Азия жерди изилдөө институтунун инженери (макулдашуу боюнча);
|
К.С.Молдогазиева | - «Өмүр дарагы» адамзат өнүгүүсүнүн борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
|
Т.А. Исмаилова | - «Жарандар коррупцияга каршы» борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
|
Лойзе Мириам | - видео оператор (макулдашуу боюнча);
|
В.Марцинкевич | - курчап турган чөйрөнү коргоо тармагындагы эксперт, магистр, «Вankwatch» уюмунун өкүлү (макулдашуу боюнча). |
2. Комиссия 2011-жылдын 14-16-сентябры мөөнөтүндө экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу талаптарына ишинин ылайыктуулугу маселелери боюнча Кумтөр кенин комплекстүү изилдөөнү жүргүзсүн, 2011-жылдын 5-октябрына чейин жүргүзүлгөн иштин натыйжалары боюнча корутунду даярдасын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
3. Комиссия зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын кызматкерлерин ишке тартууга акылуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |