Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 18-майы № 178
Кыргыз Республикасында «МЭЭРИМ ДҮЙНӨСҮ» эл аралык кайрымдуулук уюмдарынын союзунун жана «Дүйнөнүн ак көңүл балдары» кыймылынын иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Абдуллаева У.А. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев С.А. | - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Конгантиев М.Т. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Мусаев А.И. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Сарбаев К.Т. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Султанов М.А. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Молдобаев Н. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Салымбеков А.М. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сан Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кумаров Б.С. | - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Иманалиева Э.С. | - Бишкек шаарынын вице-мэри; |
Воинов А.Х. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Давлеткельдиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Мамашов Т.Ч. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Эшимканов М.А. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Муратов А.А. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн социалдык саясат секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
Султанбаева А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти; |
Жумагулов А.Ж. | - коомдук ишмер, «Мээримдүүлүк жана кайрымдуулук» кыргыз фондунун тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Ормошев С. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын өндүрүштүк жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Осмонов М.И. | - «Айкөлдүк» эл аралык кайрымдуулук фондунун жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча). |
2. Уюштуруу комитети иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттеринин чегинде, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялардын каражаттарынын, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И. Чудинов |