Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-августу № 462-б
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, дирижер, профессор, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин автору Насыр Давлесовдун учурдагы профессионалдык музыканы өнүктүрүүгө кошкон зор салымын эске алуу менен жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына, чыгармачылык жолунун 65 жылдыгына байланыштуу:
1. Юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри - уюштуруу комитетинин төрагасы;
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Исмаилов К.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кумаров Б.С. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Айтбаев К.С. - Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
Түлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Жакиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Турапов К.Ы. - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
Осмонов Б.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору;
Субаналиев С.С. - Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору;
Каниметов Ж.К. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы дирижеру.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |