Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-октябры № 592-б
"Энтес" компаниясынын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каршы доосу боюнча Гаага шаарындагы Туруктуу арбитраждык соттогу соттук териштирүүгө байланыштуу:
1. "Энтес" компаниясынын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каршы доосу боюнча талашты Гаага шаарындагы Туруктуу арбитраждык соттогу соттук кароодо Ставкалар жана чыгымдар боюнча юридикалык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен "Партнер" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда түзүлгөн тиркелген келишим жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- жогоруда аталган Келишимге ылайык "Партнер" жоопкерчилиги чектелген коомуна көрсөткөн кызматы үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин каражаттарынын эсебинен, 2009-жылга карата бекитилген бюджеттин чегинде акы төлөсүн;
- "Партнер" жоопкерчилиги чектелген коомуна акы төлөөгө байланыштуу "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |