КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 8-декабры № 669-б
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясына 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү бюджетинин кирешелерин ашыра аткаруудан алынган каражаттардын эсебинен кызматтык максатта пайдалануу үчүн белгиленген тартипте бир жеңил автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кызматтык автомашинаны сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |