Редакцияот 08.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 8-декабры № 671-р

Даниянын Копенгаген шаарында 2009-жылдын 7-18-декабрында болуучу Бириккен улуттар уюмунун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын конференциясынын 15-сессиясына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

 

Давлеткелдиев Арстанбек Абдыкулович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору, делегациянын башчысы,

 

Койчуманов Бактыбек Азатович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун кеңешчиси,

 

Беккулова Жыпаркүл Эшимбековна

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Экологиялык стратегиялар жана саясат башкармалыгынын начальниги,

 

Ильясов Шамиль Аминович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин климаттын өзгөрүү маселелери боюнча эксперти,

 

Абайханова Зухра Ойсуловна

- Бириккен улуттар уюмунун Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча өнүктүрүү программасынын эксперти (макулдашуу боюнча),

 

Даиров Исмаил Айдаргазиевич

- Бишкек шаарындагы Борбордук Азиянын Региондук тоо борборунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).

 

 

2. Аталган иш-чараларга делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланыштуу чыгымдар Айлана-чөйрө (ЮНЕП) боюнча БУУнун программасынын жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.

 

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов