Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 21-январы № 25
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 28-августундагы № 404 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - МРТМА) коллегиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Мейманов Бактыбек Каттоевич - МРТМАнын уюштуруу кадрдык иштер жана иш кагаздар бөлүмүнүн начальниги;
Күрүчбеков Закон Акынбекович - МРТМАнын маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн начальниги;
- "Скобеев Егор Леонидович" деген позиция төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Скобеев Егор Леонидович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары.";
- коллегиянын курамынан Б.И.Бийбосунов жана А.М.Койчиев чыгарылсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |