Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-февралы № 45
С.Э.Исаев жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти Исаев Санжарбек Эркинович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коллегия мүчөсү болуп бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын курамынан Н.А.Ташпаева чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 14-февралындагы № 105 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |