Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 3-февралы № 51
Спутниктик технологиялардын негизинде видеоконференция байланыштын республикалык тармагын түзүү долбоорун иштеп чыгуу максатында, Россиянын спутниктик байланыш тармагын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча иштеген компанияларынын өкүлдөрү менен консультация жүргүзүү үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамдагы адистер тобу 2009-жылдын 5-февралынан 8-февралына чейин Москва шаарына (Россия Федерациясы) жиберилсин:
Давлетов Эльдар Кадырбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;
Иманакунов Рустам Токтосунович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Байланыш жана маалыматташтыруу башкармасынын начальнигинин орун басары;
Айжигитов Алмаз Абдурашитович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматтык системалар бөлүмүнүн башчысы;
Авасов Курманбек Микинович (*) - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каражатынын эсебинен жиберилет.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберген уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |