Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-марты ПБ № 35
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен шайлоо процессиндеги проблемалардын, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы кемчиликтердин анализин жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча алдын ала рекомендацияларды даярдасын.
2. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 2013-жылдын апрелиндеги кезектеги жыйналышынын күн тартибине Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын андан ары өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына зарыл өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо боюнча жумушчу топ түзүү маселелери киргизилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики |
| А. Атамбаев |