Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 16-февралы № 69
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция күнүн майрамдоого байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын салыктык жана бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын бажылык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери, финансылык полициянын подполковниги Өскөнбаев Конокбай Жумашевич сыйлансын.
2. Төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
- Мунжуров Алмаз Аманатовичке, Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын салыктык жана бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын финансы-кредиттик, банктык чөйрөдөгү, интеллектуалдык менчиктеги жана жогорку технологиялардагы кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;
- Кутукеева Калыйма Теңдиковнага, Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо секторунун башкы инспектору.
Премьер-министр | И.Чудинов |