Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 3-марты № 84
"Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниеси Бишкек шаарында 2009-жылдын 9 -14-мартында өткөрүлсүн.
2. Жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын жолугушуусуна катышуу үчүн кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоого жана демаркациялоого чыгымдардын сметасынын эсебинен эксперттердин жумушчу тобунун жолугушуусун өткөрүүгө финансылык каражат бөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 3-мартындагы № 84 буйругуна тиркеме |
Бишкек шаарында 2009-жылдын 9-14-мартында болуучу жолугушууга
катышуу үчүн Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын
демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн
КУРАМЫ
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
Абдрахманов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн референти;
Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;
Дисковский В.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Жолчиев М.С. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын улук офицери;
Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун биринчи орун басары;
Катанаев А.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары;
Мандычев Н.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын экспедиция начальниги;
Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун биринчи секретары;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору;
Чернявский В.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча партиясынын начальниги.