Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2013-жылдын 29-марты ПБ № 42
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПБ № 87 буйругунун редакциясына ылайык)
Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу Фондусунун (мындан ары - БУУнун тынчтык орнотуу Фонду) ишин камсыз кылуу жана негизги милдети экстремизмге потенциалдуу алып келүүчү радикалдашууну алдын алуу болуп саналган 2018-2020-жылдарга тынчтык орнотуунун артыкчылыктар планын (мындан ары - Артыкчылыктар планы) ишке ашыруу үчүн зарыл жол-жоболорду аткаруу максатында:
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПБ № 87 буйругунун редакциясына ылайык)
1. БУУнун тынчтык орнотуу Фондусунун программалары боюнча биргелешкен Жетектөөчү комитет (мындан ары - Жетектөөчү комитет) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПБ № 87 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Жетектөөчү комитет Артыкчылыктар планына ылайык Тынчтык орнотуу чөйрөсүндө долбоорлорду тандоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн транспаренттүү процессин камсыз кылсын.
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПБ № 87 буйругунун редакциясына ылайык)
3. Жетектөөчү комитетке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте тартуу укугу берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПБ № 87 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
Тиркеме
БУУнун тынчтык орнотуу Фондусунун программалары боюнча биргелешкен Жетектөөчү комитеттин КУРАМЫ
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПБ № 87 буйругунун редакциясына ылайык)
Кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы, биргелешкен Жетектөөчү комитеттин теңтөрагасы;
Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын туруктуу координатору, биргелешкен Жетектөөчү комитеттин теңтөрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун башкы эксперти;
Кыргызстан калкы ассамблеясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар Фондусунун (ЮНИСЕФ) өкүлү (макулдашуу боюнча);
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын (АУЖКБ) Борбордук Азия боюнча региондук өкүлү (макулдашуу боюнча);
БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БКБ) Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча);
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча);
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча);
"БУУ-аялдар" түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча);
БУУнун Калк жаатындагы фондусунун (ЮНФПА) Кыргыз Республикасындагы аткаруучу өкүлү (макулдашуу боюнча);
БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү (макулдашуу боюнча).
Жеке адамдар:
Ибраев Марс | - | Кыргызстандын Ислам университетинин проректору (макулдашуу боюнча); |
Добрецова Надежда | - | Өнүктүрүү саясаты институтунун (ӨСИ) башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Каана Айдаркул | - | Коопсуздук, укук тартиби жана мыйзамдуулук секторлорунун Кыргыз аялдар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Курбанова Назира | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Ошурахунова Динара | - | "Жарандык демилгелер" КУнун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Тилебалды уулу Элизар | - | Жаштарды өнүктүрүү институтунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |