Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 29-июлу № 243
Республикада кремний продукциясын чыгаруунун келечеги жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Давыдов И.А. | - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Акказиев Э.А. | - Кыргыз-Россия Славян университетинин алдындагы Нанотехнологиялар борборунун директору, салттуу эмес жана кайра жаңыруучу энергия булактары кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Асанова Г.П. | - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары; |
Үмөталиев С.Б. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Үмөталиев Н.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнүн эксперти; |
Садыков Ж.М. | - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын начальниги; |
Клычбаев Т.Б. | - «Дельта индастриал» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Сулайманова С.К. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун нанотехнологиялар лабораториясынын башчысы; |
Борщев В.М. | - «Дельта индастриал» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Төрөев А.А. | - «Эсептөө техникасы жана автоматташтыруу кара- жаттары» биргелешкен Кыргыз-Россия ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Жетибаев А.О. | - «Таш-Көмүр силикон продакшнс» жабык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Тимаков В.П. | - «Кыргыз химия-металлургиялык завод» ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ:
- он күндүк мөөнөттө жерине баруу менен «Таш-Көмүр силикон продакшнс» жабык акционердик коомунун кремний продукциясын чыгаруунун учурдагы кырдаалы жана өндүрүш технологиясы менен таанышсын;
- баруунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдо болгон потенциал жөнүндө маалыматты жана республикада кремний продукциясын чыгарууну өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө сунуштарды берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И. Чудинов |