Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-октябры № 304
Ак ниет эмгеги жана региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон орчундуу салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун түзүлгөн күнүнүн 70 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (ысмы жазылган саат) менен сыйланышсын:
- Суваналиев Өмүрбек Исакович - Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;
- Сапарбаев Жоодар Турдакунович - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Түндүк региондук башкармасынын Нарын облустук бөлүмүнүн начальниги;
- Сооронбаев Болотбек - Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айыл округундагы "Алияскар" фермердик чарбасынын жетекчиси;
- Сүймөнова Айгүл Исмаилбековна - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын Нарын райондук филиалынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы;
- Эсеналиев Алтымыш - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик техникалык инспекциянын Ак-Талаа району боюнча Мамлекеттик техникалык инспекциясынын начальниги.
Премьер-министр | И. Чудинов |