Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-октябры № 305
"Кара-Балта кен комбинаты" менен "Кыргызалтын" ачык акционердик коомдорунун ортосундагы Борбордук илимий-изилдөө лабораториясы менен байланышкан талаш маселени жөнгө салуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы;
Зильберман Н.Ф. - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Боранов В.Е. - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Попова Е.А. - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун укуктук маселелер жана кадрлар боюнча бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Мельников В.Н. - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун филиалынын аффинаж заводунун директору (макулдашуу боюнча);
Бульонков Л.А. - "Кара-Балта кен комбинаты" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орунбасары - башкы инженер (макулдашуу боюнча);
Погребняк В.А. - "Кара-Балта кен комбинаты" ачык акционердик коомунун Борбордук илимий-изилдөө лабораториясынын башкы менеджери (макулдашуу боюнча);
Толкачев С.С. - "Vic Consalt" юридикалык компаниясынын директору (макулдашуу боюнча);
Евтеева Л.И. - "Маалыматтык-изилдөө борбору" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Комиссия талашты карап чыгып, Борбордук илимий-изилдөө лабораториясы менен байланышкан талашты жөнгө салуу жөнүндө сунушту эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
Премьер-министр | И. Чудинов |