Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-октябры № 308
Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнүн 85 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөр ысымы жазылган саат менен сыйлансын:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик фельдъегер кызматынын экспедиция бөлүмүнүн начальниги, милициянын подполковниги Касымбеков Токтосун Сатымбекович;
- Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын Тез таасир этүү атайын отрядынын кенже оперуполномоченный кызматкери, милициянын старшинасы, Шатманалиев Тургунбек Жекшеналиевич;
- Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын секретариатынын начальниги, милициянын подполковниги Кадырова Чынар Кадыровна;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын Ысык-Көл облустар аралык бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Молдоусупов Сталбек Кыдыралиевич;
- Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын конвой бөлүмүнүн командири, милициянын старшинасы Пусуров Абдибаит Зулпуевич;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тарых музейинин директору Жоошбаев Султанбек Жоошбаевич.
Премьер-министр | И. Чудинов |