Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 4-ноябры № 335
Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү социалдык жеңилдиктерди төлөө системасын реформалоо максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын вице-мэри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тандап текшерүүлөр бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын жарандарына социалдык жеңилдиктерди төлөө системасын реформалоо жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга зарыл болгон учурда министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишин уюштуруу жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усенов |