Редакцияот 17.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2013-жылдын 15-июлу ПБ № 90

2013-жылдын 18-20-июлунда Чолпон-Ата шаарында боло турган популярдуу музыка аткаруучулардын «Мейкин Азия» Биринчи эл аралык Ысык-Көл фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 500 000 (беш жүз миң) сом бөлүнсүн.

 

           Президент Кыргызской Республики

 

А.Атамбаев