Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-декабры № 400
Мамлекетке келтирилген заяндын ордун толтуруудан түшкөн суммаларды эсепке алуу жөнүндө маселени жөнгө салуу, ошондой эле Кыргыз Республикаснын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген заяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Зубпуев С.М. – Кыргыз Республикасынын Финнасы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директору, жумушчу топтун жетекчиси,
Авазов К.Р. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгынын начальниги,
Шеримбекова М.И. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кирешелерди эсепке алуу жана маалыматтарды иштеп чыгуу башкармалыгынын начальниги,
Кочкоров У.Т. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын текшерүүлөр башкармалыгынын начальниги,
Усубалиев М.А. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигинин мамлекеттик кирешелерди түзүү башкармалыгынын кирешелерди эсепке алуу жана талдоо бөлүмүнүн башкы адиси,
Шамбетов Т.Э. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук колдоо бөлүмүнүн эксперти.
2. Жумушчу топ мамлекеттик органдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруунун камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигине жүктөлсүн.
4. Жумушчу топ үч жумалык мөөнөттө белгиленген тартипте мамлекетке келтирилген заяндын ордун толтуруудан түшкөн суммаларды эсепке алуу жөнүндө маселени жөнгө салууга багытталган сунуштарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Республикаснын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген заяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук колдоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |