Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 28-июну № 263-б
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызматкерлери үчүн 2013-жылдын 29-июну жумуш күнү деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын агент-банктарына 2013-жылдын 29-июнун жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |